Өздөрүн "патриотторбуз" деп атаган жигиттердин тобу эртең "митингге" чыгууга элди үгүттөп жатышат
Соц тармактардын бири болгон WhatsApp аркылуу өздөрүп "патриотторбуз" деп атаган кыргыз жигиттеринин тобу пайда болду. Бул топ "Мекендештер" деп аталып, ага Кыргызстандын жети дубанынын WhatsApp колдонуучулары тартылууда.
Топко өздөрүн "патриотторбуз" деп атаган жигиттер активдүү түрдө "митинг" өткөрүүгө чакырууда. Ал топтун активдүү колдонуучуларынын бирине байланышка чыкканыбызда:
"Мен да толук маалымат билбейм. Азыр чогулуш болот деп атышат, ошого барабызго. Эл катары эле мекен үчүн." -деп жооп берди.
Аты-жөнүн атагысы келбеген бул жигитке топто кеп болуп жаткан "Кытай элчилигинин алданы барабыз деп атасыңарбы же Ала-Тоо аянтынабы?" деген суроо менен кайрылганыбызда ал:
"Мен да так маалымат билбейм. Элчиликтин алдына баргандан эмне чечилмек эле, барбай эле коелу деп жатабыз. Дагы эмне болуп кетээрин көрөбүзго" -деп так жооп бербей койду. Айта кетсек бул жигит WhatsAppтагы топто активдүү "үгүттөөчүлөрдүн" катарын толуктайт.
Алдын ала маалыматтарга караганда бул жигиттердин тобу чогулуп эртең "Ала-Тоо" аянтынын алдына чыгышып кытай жарандарын киргизбөөнү же чектөөгө алууну талап кылып "митинг" уюштурууга аракеттенишүүдө.
Ал эми топтун башында ким тураары жана кимдер тарабынан уюштурулуп жаткандыгы тууралуу активисттерден так маалымат ала алаган жокпуз.
Эске салсак ИИМ буга чейин интернет аркылуу провакациялык чакырыктарды таратууга тыюу салган.
ИИМ жарандарды WhatsApp жана башка социалдык тармактарда, интернетте чагымчыл маалыматтарды таратуудан алыс болууларын жана ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 номуру аркылуу кайрылууларына чакырат.
Добавить комментарий ×