Мирзиёев Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

12 января 2021 10:52 1736 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентинин кызмат ордуна шайланышы менен телефон аркылуу куттуктады. Бл тууралуу Өзбекстандын президентинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сүйлөшүүнүн башында Мирзиёев Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши, ошондой эле, Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен чын жүрөктөн куттуктады.

Мирзиёев бул эң маанилүү саясий иш-чаралардын натыйжалары менен туруктуулукту камсыз кылуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

"Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Элибиздин мындан аркы ынтымагы дагы бекемдеп, буга чейинки жетишилген макулдашуулар ишке ашат деп ишенем. Анын ичинен чек ара маселеси оңунан чечилип, айыл чарба, энергетика, соода сыяктуу тармактарда кызматташтыгыбыз артарына үмүттөнөм", - деп айтылат Өзбекстандын президентинин билдирүүсүндө.


Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-prezidenti-shavkat-mirziyoe-sadyr-zhaparovdu-prezidenttik-shajloodogu-zheishi-menen-kuttuktady



Добавить комментарий