Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына Чынгыз Айтматовдун айкели орнотулду
Өзбекстандын Ташкент шаарына улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата айкели орнотулду жана шаардын борбордук бөлүгүндөгү көчөлөрдүн бирине аты берилди. Кошумчалай кетсек Ташкент облусуна караштуу Паркент районундагы № 33 мектепке жазуучунун бюсту коюлду. Эстеликти ачуу салатанатына Өзбекстан жазуучулар кеңешинин өкүлдөрү, Көркөм сүрөт академиясынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери катышкан.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өзбекстанда жазуучунун 90 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын тизмесин бекиткен.
Белгилей кетсек жазуучунун 90 жылдык мааракесинин урматына Кыргызстандын булуң-бурчунда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Айтматовду эскерүү кечелери, симпозиум жана илимий конференциялар болуп өттү.
Андан сырткары, Анкара, Астана, Ташкент сыяктуу бир катар шаарлардагы көчөлөргө аты берилди. Москва менен Минск шаарларында улуу жазуучунун атындагы парк ачылып, айкели коюлду.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-borboru-tashkent-shaaryna-chajtmatovdun-ajkeli-ornotuldu
Добавить комментарий ×