Өзбекстандык ырчы Шахло Ахмедова клиптеги ачык образы үчүн лицензиясынан ажырады

14 ноября 2018 14:25 2313 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Өзбекстандык ырчы Шахло Ахмедова клиптеги ачык образы үчүн лицензиясынан ажырады. Чет элдик басылмалардын берген маалыматына ылайык, "Өзбекконцерт" мамлекеттик ишканасы тарабынан алынып салынган.  Ырчынын клиби Өзбекстандын телеканалдарына чыга элек болсо дагы интернет желеси аркылуу коомчүлүкка тараган. Анда кыз-жигиттин сүйүүсү көрсөтүлүп, башкы ролду ырчы өзү аткарган. Клипте кучакташып түшкөн кадрларды гана көрүүгө болот. 

Клиптин сюжетин көрүп чыккан "Өзбекконцерт" ишканасынын комиссиясы: "Мындай кадрлар биздин менталитетке туура келбейт деп баалап, ырчыны лицензиясынан ажыратууну туура көрүшкөн. 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyk-yrchy-shahlo-ahmedova-kliptegi-achyk-obrazy-chn-licenziyasynan-azhyrady



Добавить комментарий