Өзбекстандагы Сох эксклавында аэропорттун курулушу аяктады

18 октября 2021 10:28 1964 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Баткен оабласты менен чектешкен Өзбекстандын Фергана областынын Сох районунда жаңы аэропорттун курулушу аяктады. Бул тууралуу Фергана областынын администрациясынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Жалпы аянты 7 гектар, ал эми учуучу-конуучу тилкесинин узундугу 700 метр болгон аэропортто жакында тесттик учуруулар башталат.

Аэропорт Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияевдин 2020-жылдын август айындагы токтомунун негизинде курулду.

«Новобод» махааласынын аймагында жаңы аба майданын курууга 7 млрд сум керектелген. Анын аймагында учуучу-конуучу тилке, тамактануу жайы, соода жайы жана эс алуу жайы бар.

Өзбекстандын аянты 350 чарчы чакырым болгон Сох району Кыргызстандын Баткен областынын аймагы менен толук курчалып турат. Өзбекстандан Сохке келиш үчүн болжол менен Кыргызстандын аймагы аркылуу 20 чакырымдай жолду басып өтүш керек.

Сох-Риштан жолу 2013-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда болгон конфликтен кийин жабылган.Жолду быйыл апрель айында жүргүнчүлөр үчүн гана ачышты, ал эми жүк унааларына азырынча уруксат бериле элек.

Чек аралаш аймактардын айылдарында чатак чыгып турат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandagy-soh-eksklavynda-aeroporttun-kurulushu-ayaktady



Добавить комментарий