Өзбекстанда жарым жылаңач болуп, сүмөлөк бышырган кыздар 15 күнгө камакка алынды

24 марта 2021 10:10 2306 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда 21-март Нооруз күнү, жарым жылаңач болуп алып сүмөлөк кайнатып жатышкан кыздардын видеосу интернетте желдей тараган. Өзбек күч органдарды резонанс жараткан видеодогу кыздарды кармашканын кабарлады. Бул тууралуу Ургенч шаардык сотунун сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, алардын үчөөнө майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 суткага административдик камакка алуу чечими чыгарылды.

Видеодогу калган үч катышуучу дагы майда бейбаштык боюнча күнөөлүү деп табылып, аларга 116 доллардан айып пул салынды.

Видео интернетке 21-мартта жарыяланган. Укук коргоо органдары социалдык тармактын колдонуучуларынын кескин сындарынан кийин гана иликтөөнү башташкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 22-мартта видеодогу кыздардын бардыгы суракка чакырылган.

Эки күндүн ичинде видеодогу кырдаал интернеттеги ар кандай топтор тарабынан катуу сынга алынды. Айрым посттордо видеодогу кыздардын өмүрүнө коркунуч жараткан билдирүүлөр да жазылган.

Ал эми, айрым интернет колдонуучулар "кантип кийинүү ар кимдин өз иши" деп жарым жылаңач кыздарды коргоп да чыгышты.

 «Сүмөлөктү башка аялдар бышырып жаткан. Түнкү клубда бийлеген кыздар, бир учурда эшикке чыгып, сүмөлөк бышып жаткан казандын жанынан селфи жасоону туура көрөшкөн. Кийинчерээк видео интернетке тарап кеткен», - деди РИИБдин өкүлү


Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-zharym-zhylaach-bolup-smlk-byshyrgan-kyzdar-15-kng-kamakka-alyndy



Добавить комментарий