Өзбекстанда “цех устасы” деген сөздү башкача түшүнүп алгандар талкуу жаратты

15 сентября 2021 10:44 2296 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстанда латын тамгасы менен "цех" сөзү кандай жазылышы керектиги тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Подробно. uz.” булагы берген маалыматка таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Жаңы талкууга Mahalla телеканалындагы репортаж себеп болду, видеонун каарманы титрде "Sex Ustasi" деп көрсөтүлгөн. Тактап айтканда көрүүчүлөр “цехтин устасы” деген сөздү “секстин устасы” деп окуп алышкан.

Бул берүүдөн соң кийин колдонуучулар “Ц” тамгасын “TS” тамгасы менен жазууну же башка тамгага алмаштырууну сунушташып кызуу дискуссия болуп жатат.

Талкууга Юстиция министринин кеңешчиси Шахноз Соатов коммментарий берип, “баардык маселе туура жазууда эмес, адамдардын ой жүгүртүүсүндө” деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-cehtin-ustasy-degen-szd-bashkacha-tshnp-algandar-talkuu-zharatty



Добавить комментарий