Өзбекстанда 95 жаштагы карыя жогорку окуу жайга тапшырды

24 июля 2020 15:03 2596 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын ЖОЖдоруна документ тапшыргандардын арасында эң улуусу 95 жашта. Ал быйылкы абитуриенттер менен кошо документтерин тапшырган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тест борборуна шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл 95 жаштагы өзбек жараны жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн документин өткөргөн.

“Жогорку окуу жайына тапшыргандардын ичинен эң жашы 13 жашта жана эң карысы 95те. Быйыл ЖОЖдорго документтерди тапшыргандардын жалпы саны 1 миллион 484 миң 85ти түздү”, - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы эң жаш абитуриент 14 жашта болсо, картаңы 87де эле. 80 жаштагы Тохтамиш Султанов – 52,2 балл алган, ал эми 78 жаштагы Маматкул Бердиалиев  - 42, 1 балл алып тилекке каршы окууга өтпөй калган.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-95-zhashtagy-karyya-zhogorku-okuu-zhajga-dokumentin-tapshyrdy



Добавить комментарий