Өзбекстанда 9-майда согуш ардегерлерине миң доллардан берилет
Поделиться в:
Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата Өзбекстанда ар бир согуш ардагерине 10 миллион сумдан (миң доллардан) берилет. Тийиштүү буйрукка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.
Буга кете турчу каражаттын бардыгы федералдык бюджеттен каралат.
Тийиштүү ведомстволор менен министрликтер ардагерлердин ар бирине бул каражаттын жетишин камсыз кылышы керек.
Бүгүнкү күнү Өзбекстанда миңге жакын согуш ардагери жашайт. Ошондой эле, эмгек фронтунда иштегендердин саны 40 миңден ашык.
Кыргызстанда согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-9-majda-sogush-ardegerlerine-mi-dollardan-berilet
Добавить комментарий ×