Өзбекстанда 113 жаранга абактан чыгууга мунапыс берилет
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Эгемендүүлүк күнүнө карата камактагы адамдарга мунапыс берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме бери “Барометр” которду.
Маалыматта, өлкөнүн Көз карандысыздык күнүнө карата 113 жаранга мунапыс берилет. Алардын ичинен 5 адам жазадан толугу менен кутулса, 53 адам мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулат. Ал эми 15 жарандын жазасы жеңилдетилди. Мындан тышкары камактагы 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.
Эскерте кетсек, мунапыс берилгендердин арасында жашы алтымыштан ашкан бир адам, чет өлкөлүк 2 жаран жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын 105 мүчөсү бар.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstanda-113-zharanga-abaktan-chyguuga-munapys-berilet
Добавить комментарий ×