Өзбекстандын премьер-министри Абылгазиевди Эгемендүүлүк күнү менен кантип куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
«Өзбекстан кыргыз-өзбек мамилелеринде жетишилген жогорку деңгээлге жана өз ара түшүнүшүүгө, эки жактуу кызыкчылыктагы бардык чөйрөлөрдө аларды ырааттуу кеңейтүүгө зор маани берет. Мен биргелешкен күч-аракетибиз менен, конструктивдүү жана прагматикалык мамиле түзүүнүн негизинде эки достош элдин кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрөбүз жана тереңдетебиз деп ишенем»,- деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Премьер-министр Абдулла Арипов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын достош элине тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүүнү каалады.
Добавить комментарий ×