Өзбекстан менен Тажикстан жылдын соңуна чейин чек арасын толук такташып бүтөт
Самарканд шаарында 27-сентябрда Өзбекстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу «Азия-Плюс» булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери курамына геодезисттер, картографтар. Тышкы иштер министрликтеринин, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү кирген тиешелүү жумушчу топторго 2021-жылдын соңуна дейре эки мамлекеттин ортосундагы чекти биротоло такташуу тапшырмасын беришти.
Самарканд шаарында 20-27-сентябрда болгон жолугушууда өзбек-тажик чек арасындагы демаркациялык иштер талакууланып жана аткарылган талаа иштеринин жыйынтыктары каралды.Кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүү макулдашылды.
Эскерте кетсек, Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 1332 километрди түзөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-menen-tazhikstan-zhyldyn-souna-chejin-chek-arasyn-toluk-taktashyp-btt
Добавить комментарий ×