Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр

13 марта 2021 12:47 10361 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өзбек тарап буга чейин, талаш-тартыш жаратып келген Үңкүр-Тоо аймагын Кыргызстанга берүүгө даяр экени маалым болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтеректин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери жакынкы үч айдын ичинде толук чечиле турган болду.

“Жакынкы аралыкта мамлекеттик чек арадагы жети өткөрүү пунктунун иши жанданаары белгилүү болду, өзбек тарап жүк ташуу маселесин чечүүгө, зарылчылыкка жараша документтерди сканерлөөгө ылайыктуу техника менен камсыз кылууга убада берди.

Кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр. Анклавдын жашоочулары мамлекеттик чек арадан эркин өтүшөт.

Өз кезегинде, өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана саясий тирешүү болуп келген Унгар-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Мамлекеттик чек араларды делимитациялоого байланыштуу калган талаштуу маселелерди өзбекстандык кесиптештери менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн атайын комиссия чечет. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстан менен олуттуу жана кеңири кызматташууга даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-kr-too-ajmagyn-kyrgyzstanga-berg-dayar



Добавить комментарий