Өзбекстан ЕАЭБге мүчө болобу? Президент Мирзиёевдин пикири

21 января 2020 13:13 3771 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн "интеграциялык биримдикке" кирүүсү боюнча пикирин айтканын "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

Ага ылайык, Мирзиёев кайсы интеграциялык биримдик экенин так айтпаганы менен сөз Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу болуп жатканан боолголоого болот.

Ал дүйшөмбү күнү жаңы чакырылыштагы Олий мажлистин сенатынын биринчи жыйынында сүйлөп жатып, Өзбекстандын жарандары көп болгон Россия жана Казакстан менен кызматташуу маанилүү экенин айткан.

Бир катар ЖМКлар Мирзиёев Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу катары гана көз сала турганын ишарат кылганын жазышты. Аталган уюмга учурда Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия мүчө.

"Билип алгыла саясий көз караштан алганда биздин көз карандысыздыгыбызды эч ким бербейт, ал биздин жана эл ишенген президенттин колунда. Биз ал жакка мүчө болуп кирбейбиз, байкоочу гана болобуз, бизге туура келеби, же жокпу карайбыз", — деп Мирзиёев айтканын ТАСС агенттиги жазды.

Ал ортодо Мирзиёевдин сенатта сүйлөгөн сөзүн толугу менен УзА маалымат агенттиги жарыялады. Анда "интеграция", "Россия" жана "Казакстан" деген сөздөр таптакыр жок.

"Коммерсантъ" басылмасынын жазышынча, Өзбекстандын ЕАЭБге кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча сөздөр былтыр октябрь айынан бери айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstan-eaebge-mch-bolobu-prezident-mirziyoevdin-pikiri



Добавить комментарий