Замирбек Кочорбаевге карата кылмыш иши козголду

12 марта 2019 15:24 3718 Barometr
Поделиться в:
ok

“Кырк чоро” кыймылынын лидери Замирбек Кочорбаевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү маалымдады.

“Кечээ гей, лезбиянкаларга “Кырк чоро” гүл берди деп каралап жатышкандар эми эмне дейсиңер? Гей, лезбилер “Кырк чорого” иш козготту”,-деп жазды Замирбек Кочорбаев фейсбуктагы баракчасына.

Ага Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан чакыруу келген. Анда айтылгандай бүгүн, 12-мартта Н. Маюмованын берген арызынын негизинде Кочорбаевге карата КРнын жоруктар боюнча кодексинин 119-беренесине (коомдук тартипти бузуу, бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кочорбаевди Октябрь райондук ИИБге 12-мартта саат 17:30да суракка келүүгө чакыртышкан.

Эскерте кетсек, кечээ 11-мартта “Кырк чоро” тобу Бишкек мэриясынын имаратынын алдында митинг өткөрүп, 8-мартта уюштурулган жөө жүрүшкө нааразылык билдиришкен болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/zamirbek-kochorbaevge-karata-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий