Залкар акындын кичи мекени Токтогулга Элмирбек Иманалиев атындагы китепкана ачылат

24 февраля 2021 09:29 5433 Barometr
Поделиться в:
ok

КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин кичи мекени Токтогул районунда залкар акындын атында китепкана ачылат. Бул тууралуу акын Жеңишбек Жумакадыр соцтармактагы баракчасындагы видео кайрылууга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, китепкана Адеп Башаты - Жалал Абад Коомдук Прогрессивдүү фондунун Токтогул райондук өкүлчүлүгү тарабынан демилгеленип, ачылып жатат. Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы китепкананын ачылыш аземи 28-февралда саат 12:00 до болот.

“Келиңиздер урматтуу китеп сүйүүчүлөр!

Залкар акыныбыздын атында Токтогул аймагына китепкана ачылганы жатат. Көп адамдар келип, тилектерди айтса Кудайым кабыл кылат дейт. Элмирбектин атындагы китепканадан алтын муундагы уул-кыздарыбыз өсүп чоңойсун деген тилектебиз. Ачылыш аземине жалпы Токтогул эли келип катышып кетиңиздер”, - деп айтылат видео кайрылууда.

Китепкананын дареги: Токтогул шаары А. Суеркулов көчөсү № 14.

Сөз багып, өнөр аздектеген кыргыздын залкар акыны Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын 20-апрель күнү кечинде ооруканага түшкөндөн кийин көз жумган. Ал кант диабети менен жабыркап жүргөн. Аз, бирок, саз өрүндө ал жалпы журтка кадыры тоодой сиңип калыптыр. Акын каза болгон учурда коронавирус илдети күч алып турганына карабай миңдеген мекендештерибиз улуу залкар менен коштошуу зыйнатына келишкен. Кыргыздын өнөрлүү уулу болгону 42 жаш курагында бул дөйнө менен кош айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zalkar-akyndyn-kichimekeni-toktogulga-elmirbek-imanaliev-atyndagy-kitepkana-achylat



Добавить комментарий