Өзүңө ишенбеген адамдардын 8 адаттын беле жүрүңүз!

14 сентября 2022 08:35 5313 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзүнө ишенбеген адамдар кандай жүрүм-турумдарга ээ болушат? Бүгүн Barometr.kg психологдон анын жообун алып бергенге аракет кылды.

Тике караганда качуу 

Адамдын көзүнө тике карай албоо өзүнө ишенбеген учурда, же болбосо тартынган учурда пайда болот. Дайыма ушундай жүргөн адамды өзүнө карата баасы төмөн адам деп баалоого болот.

Мактоону, жагымдуу сөздөрдү кабыл албоо 

Мактоону жана жөн гана жагымдуу сөздөрдү уксаңыз түшүндүрүп отурбастан жөн гана “ырахмат” деп айтып коюу жетиштүү. “Тигил, бул”деп  ар нерсени айтып түшүндүрмө берүү өзүнө баасын билбөө болуп саналат.

Ылайыгы жок жерден эле кечирим сурай берүү

Ылайыгы жок жерден эле кечирим сурай берүү адамдын баркын кетирет. Майда-чүйдө үчүн дайыма эле жакындарынан кечирим сурай берген адамдар “маданияттуу эмес” өзүнө ишенбеген адамдар болуп саналат.

Суроолуу сүйлөм менен сүйлөө

Өзүнө ишенбеген адам сүйлөмдүн аягында добушун жогорулатып өзүнө суроо бергендей туруп калат. Бул дагы маектештин алдында сиз өзүңүздү ишенимсиз алып жүргөнүңүздү далилдеп коет.

Чечим кабыл алуудан качуу 

Чечим кабыл алуудан качуу же чектөөдөн коркуу өзүнө болгон ишеними жок адамдар көп колдоно турган адат.

Мактана берүү 

Иштин көбүртүп жабыртып мактана берүү гиперкомпенсация деп аталат жана адамдын өзүнө ишенбегенинин эң башкы белгилеринин бири.

Бүкүрөйүп отуруу же эңкейип басуу 

Өзүн алсыз сезген адам бүкүрөйүп басат, башын бийик көтөрө албайт.

“Дененин тилин” жашыра албайсыз

Маектешине сүйлөшүп жатканда ар дайым капталынан турган, колу бутун кайчылаштырып отурган же колун чөнтөгүнө салып алган вербаликалык эмес белгилер дагы адамдын өзүнө ишенбей жатканын көрсөтөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/z-ishenbegen-adamdardyn-8-adattyn-bele-zhrz



Добавить комментарий