Ызы-чуулуу блоггер Айжан Байзакова эркек төрөдү
Казакстандык Инстажылдыз, ачык кийингени, ызы-чуулуу жүрүм-турумдары менен белгилүү болгон Айжан Байзакова эркек уул төрөдү. Бул тууралуу ал өзү cоциалдык жеке баракчасы аркылуу билдирди.
"Мен бир көрүп суйүп калууга ишенем, бүгүн 1-декабрь биздин биринчи жолугушуу"-деп жазган Байзакова.
Белгилүү болгондой блоггер 1-декабрда төрөгөн. Баланын атасы ким экендигин ал жашырып келет. Ал эми социалдык тармактарда чуулуу рэпер Parfumer02 болушу мумкүн дешүүдө.
Айжанды апа болушу менен куттуктагандардын саны көп болду.
Эске салсак, Айжан Байзакова Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздарды жылаңач чечиндирүү боюнча сынак уюштуруп, жеңүүчүгө 200 доллар сунуштаган. Жергиликтүү укук коргоо органдары коомдук жайда этика нормаларын сактабагандыгы үчүн Байзакованы үч суткага камашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/yzy-chuuluu-blogger-ajzhan-bajzakova-erkek-trd
Добавить комментарий ×