Түркияда кыргызстандык куткаруучулар 34 адамдын жансыз денесин уранды алдынан чыгарып беришти

10 февраля 2023 14:54 938 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам берүүгө кеткен кыргызстандык куткаруучулар бүгүнкү күнгө чейин 34 жарандын сөөгүн уранды алдынан чыгарып беришти. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кыргызстандык куткаруучулар бүгүн, 10-февраль саат 13:30га карата Түркия мамлекетинде жер титирөөнүн кесепетинен ураган имараттардын астынан издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан 34 жарандын сөөгү табылып чыгарылган.

“Адаттагыдай эле жабыркаган жарандарга биздин медицина кызматкерлери жардамын көрсөтүүдө.

ӨКМдин куткаруучулары мерчемделген иш графикке ылайык өз милдеттерин аткарууда”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/yz-denesin-urandy-aldynan-chygaryp-berishti



Добавить комментарий