Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматтан бошотулду

7 августа 2018 21:05 848 Barometr
Поделиться в:
ok

Юстиция министри Айнур Абдылдаева кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктын негизинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна ээлеген кызматынан бошотулду», - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Абдылдаева 2018-жылы апрель айында юстиция министри болуп дайындалган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/yusticiya-ministri-ajnur-abdyldaeva-kyzmattan-boshotuldu



Добавить комментарий