Юристанбек Шыгаев көркөм сүрөт музейинин директору кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Юристанбек Шыгаев Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору кызматынан бошотулду. Бул туурасында КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.
Бул боюнча жарлыкка аталган мекеменин министри Азамат Жаманкулов кол койгон.
Эске сала кетсек, Шыгаев музейдеги картинага байланыштуу жаңжалга аты аралашкан. Жаңжалдын жагдайын Маданият министрлиги түзгөн комиссия караган.
Ссылка: https://barometr.kg/yuristanbek-shygaev-krkm-srt-muzejinin-direktoru-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×