Юрий Бобковго оор операция жасатыш үчүн кайрымдуулук концерти өткөрүлөт

7 июнь 2019 15:36 2754 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрадасында көрүнүктүү орундун ээси, ырчы, алып баруучу Юрий Бобковко 2 оор операция жасалды. Анын чыгармачылык чөйрөдөн тапкан достору ырчыга операция жасатууга каражат топтоого жардам иретинде кайрымдуулук концертин өткөрүү алдында турушат.

Маалыматка ылайык, Бобков катуу травма алгандан кийин анын желкесин калыбына келтирүүгө 1 жолу операция жасалып анын жардамы болбогондон кийин кайра 2-жолу операция жасалган.

Маалым болгондой, буга чейин ырчынын кызына да Новосибирскте операция жасалган.

Белгилей кетсек, Юрий Бобков кыргыз элинин басымдуу бөлугү күтүп көргөн “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу көрсөтүүнү алып чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/yurij-babkovgo-kajrymduuluk-koncerti-tkrlp-3-oor-operaciya-zhasaluu-aldynda-turat



Добавить комментарий