Юридикалык жардамга муктаж жарандарга акысыз жардам көрсөтүлүп баштайт
Бүгүндөн тарта республика боюнча жардамга муктаж жарандарга акысыз жардам көрсөтүлүп баштайт. Юстиция министрлиги 3-10 декабрь аралыгында калктын укуктук сабаттуулугун арттырууга арналган жылдык декадасын өткөрүүдө. Анын алкагында өлкөдө адвокат алууга каражаты жок жарандардын баары камтылат. Бирок юридикалык жардам ушуну менен токтоп калбайт, 2019- жылдан тартып зарыл болгон учурда бардык адамдар мамлекеттик адвокат менен камсыз болуп баштайт.
Бүтүндөй өлкө боюнча укуктук жардамды Юстиция министрлигинин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борбору жана 12 координаторлор көрсөтөт. Ошондой эле жарандар бул күндөрү аталган министрликтин облустук башкармалыктары, райондук мамлекеттик санотариалдык конторалар, коомдук уюмдар, Адвокатуранын аймактык бөлүмдөрү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын юридикалык клиникаларынан көрө алат.
Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекеттик кепилдик юридикалык жардам координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков, декаданын негизги максаты- калктын аялуу топторун укуктук жактан коргоонун деңгээлин өстүрүү, укуктук сабаттуулугун арттыруу жана сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу болуп саналаарын айтты.
Саамалыктын алкагында адвокаттар онлайн режиминде да консультация берип тураары, декада аяктаган соң дагы Юстиция министрлигинин алдындагы 24 укуктук жардам көрсөтүү борборлору ишин уланта берээри белгилүү болду. Адвокаттар кайрылган жарандардын көбү жарандык иштерге байланыштуу экенин, дээрлик 60 пайызынын тегерегиндеги маселелер ыкчам чечилүүчү суроолор болоорун, жарандар өз укуктарын билбегенден улам майда иштер үчүн деле санаа тартып жүрө берерин кошумчалашты.
Ошондой эле 2019- жылдан тартып шектүү жана жабырлануучу тарап болсун- акыйкаттыкты камсыз кылуу үчүн өз жеке адвокаты жок жарандарды мамлекеттик адвокат менен камсыздоо ишке ашаарын, учурда тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүлөр жүрүп жатканын Мамлекеттик кепилдик юридикалык жардам координациялоо боюнча борборунан билдиришти. Ал эми декаданын алкагында Республика аймагы боюнча эл көп жүргөн жерлерде, тактап айтканда, базарларда, ири соода борборлорунда, ЖОЖдордо бир күндүк акысыз концультанция берүү үчүн “тилектештик автобусу” жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/yuridikalyk-zhardamga-muktazh-zharandarga-akysyz-zhardam-krstlp-bashtajt
Добавить комментарий ×