Юлия Началова акыркы керээзинде эмнени суранганы айтылды

25 марта 2019 14:11 5493 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Ырчы Юлия Началованын каза болгону анын миллиондогон күйөрмандарынын көңүлүн чөктүрүп турган учур. Ал  арада ырчы акыркы керээзинде эмне дегени айтылды.

Ырчынын жетекчиси Анна Исаеванын айтымында Юлиянын мурунку жолдошу Евгений Алдонин калтырган 4 бөлмөлүү батирди экс-сүйгөнү Александр Фролов талашып жатат.

Ал Юлия 20 миллион рубль карыз алып кепилдикке үйүн койгондугу тууралуу айтууда.

Началованын акыркы керээзи да дал ушул маселе боюнча болгон. Ырчынын 12 жаштагы Вера аттуу кызы бар. Ал өлүм алдында кызы үйсүз калбашын жана бул боюнча жардам берүүсүн суранган.

Учурда Вера чоң апасы менен жашап жатат. Ал ар кандай кошумча окууларга барып, жакшы жетишкендиктерге жетишкен кыз.

Ссылка: https://barometr.kg/yuliya-nachalova-akyrky-kereezinde-emneni-surangany-ajtyldy



Добавить комментарий