Ысык-Көлдөн 28 жаштагы жүргүнчү марихуана менен кармалды

25 января 2021 16:08 1963 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө 28 жаштагы жүргүнчү марихуана менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“2021-жылдын 24-январында  саат болжол менен 02:30 чамасында Ысык-Көл РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 268-берененин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүш боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын  Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБнин БМЖКККнын кызматкерлери Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруттук унаадан текшерүү үчүн токтотулган. Унаадагы 1992-жылы туулган  Б. уулу Т.  аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо  жүргүзгөн учурунда баштыктын ичинен  кара куурай  кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган.

Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 килограмм 330 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты болуп аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kldn-28-zhashtagy-zhrgnch-marihuana-menen-karmaldy



Добавить комментарий