Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 30 жаштагы келин, 47 жаштагы аял каза болду

12 мая 2021 18:48 2323 Barometr
Поделиться в:
ok

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 186-чакырымыда жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 186-чакырымыда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. 

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1971-ж.т. М.Т., 1973-ж.т., С.Н., 1994-ж.т. М.А. 3 эркек киши, 2016-ж.т. Ж.Б. кичине бала) жабыркап, 2 аял киши (1973-ж.т. Р.А., 1991-ж.т. Ш.Р.) каза болгон. 

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон 1973-ж.т. Р.А. аттуу аял кишини унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhol-kyrsyktan-2-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий