Ысык-Кѳлдѳ жаштар эл аралык конференцияларга катышуу жолдорун үйрѳнүүдѳ
14-октябрда Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында «Өзгөрүүлөр кербени» старт алды. Бул тууралуу Barometr.kg маалымат агенттигине уюштуруучулар кабарлады.
Маалыматта, Ысык-Көл облусунда "өзөгөрүү кербени" аттуу семинар-тренинг болуп , ага мектептердеги жогорку класстын окуучулары катышат. Анда азыркы заман талабына ылайык кесиптер жөнүндө Бишкектен келген ар тармактан келген жаш спикерлер тажрыйба бөлүшүүдө. Ысык-Көлдө 3 күн болот. Бүгүн Балыкчы, Чолпон-Атада башталды. Эртең Түптө, Каракол. Бирсүгүнү Кызыл-Суу, Тоң райондорунда болот. Бул иш-чарада Каржылык жана укуктук сабаттуулук, бизнес- пландоо, каржылык көз карандысыздык;
- Искусство, маданият жана чыгармачылык;
- IT багыты;
- Медиа, смартфондун мүмкүнчүлүктөрү жана онлайн продуктулар;
-Жаштардын мүмкүнчүлүктөрү (грант алуунун , жогорку окуу жайларга өтүүнүн, эл аралык конференцияларга катышуунун жолодору).
Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, башка аймактын автобустары менен видеоконференциялар, окуучулар жана студенттер аралык дебаттар уюуштурулат.
Ал эми Өзгөрүүлөр кербенинин негизи максаты, жергиликтүү аймактагы жаштарды социалдык- экономикалык процесстерге катышуу үчүн колдо бар куралдар, ыкмалар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылуу, жаран катары өз коомчулугуна аралашуусу үчүн турмуштук көндүмдөрүн ( медиа сабаттуулугун) жогорулатуу. Кербен Республиканын түндүк жана түштүк аймагына багытталган.
Талас облусу (Талас – Алексеевка – Кызыл Октябрь - Кызыл Адыр -Покровка).
2. Ысык- Кол облусу (Балыкчы - Чолпон-Ата – Каракол - Түп - Покровка – Бөкөнбаева).
3. Нарын облусу (Кочкор - Нарын – Ат Башы).
4. Чүй облусу (Токмок – Кант - Кара-Балта - Сокулук).
5. Баткен облусу (Исфана - Сүлүктү - Баткен - Кадамжай - Кызыл Кыя).
6. Ош облусу (Араван – Ноокат – Ош - Кара Суу - ϴзгөн).
7. Жалал-Абад облусу (Кербен - Таш-Көмүр - Майлуу суу – Жалал-Абад).
Кошумчалай кетүүчү нерсе, окутуулар жергиликтүү калктын талабына ылайык тилдерде ѳткѳрүлѳт.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-zhashtar-el-aralyk-konferenciyalarga-katyshuu-zholdorun-jrnd
Добавить комментарий ×