Ысык-Көлдө унаа жолго кар көчкү түштү

23 апреля 2021 10:27 935 Barometr
Поделиться в:
ok

Жети-Өгүздө унаа жолго кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"Кечээ, 22-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда саат 15:30 дар чамасында Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Кумтөр Голд Компани” ЖАК ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, Барскоон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылган. 

Мындан тышкары саат 15:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолуну 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40.000м3 кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган.

 Жол убактылуу 25-апрелине чейин жабылат", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-unaa-zholgo-kar-kchk-tsht



Добавить комментарий