Ысык-Көлдө тоо текелерди мыйзамсыз атып, этин жүктөп келе жаткан браконьерлер кармалды

12 января 2021 17:35 2871 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө тоо текелерди мыйзамсыз аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой аталган башкармалыкка Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын жогору жагындагы Ачык-Таш коктусунда тоо текелери мыйзамсыз атылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери билдирүүнүн негизинде ыкчам топ түзүп, жерине барып кароо учурунда Ысык-Көл районундагы Ананьев айылынын 4 тургуну «УАЗ» унаасы менен эки тоо текени атып алып, союп келе жаткан жеринен кармалышкан.

Алардан түшүнүк каттары алынып, акт түзүлгөн. Ошондой эле, алардын куралдары алынып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-too-tekelerdi-myjzamsyz-atyp-etin-zhktp-kele-zhatkan-brakonerler-karmaldy



Добавить комментарий