Ысык-Көлдө президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды

18 декабря 2020 14:00 1791 Barometr
Поделиться в:
ok

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун билдирүүсү боюнча териштирүү иштери болуп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

17-декабрда Коомдук теле-радио компаниясындагы түз эфиринде президенттикке талапкердин бири Адахан Мадумаров үгүт иштерин Ысык-Көл облусунан баштарын ойлогонун. Бирок, анын тарапкерлерине коркутуу болуп жатканын айтып чыкты.

Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы түшүндүрмө иретинде төмөндөгүлөрдү билдирет:

 Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун  штабынан, же болбосо тарапкерлеринен үгүт иштерин Ысык-Көл облусунда кайсыл күндөрдүн аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзү  учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр, же болбосо ыраттамалар келип түшкөн эмес. Жолугушууга баргандардын үйлөрүн өрттөп кетебиз деген коркунучтар келип түшүп жатат деген маалымат боюнча да арыздар менен кайрылышкан эмес.  

Бирок, КРнын жазык-процессуалдык кодексинин 149 беренесинин 1 пунктун (Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы) жетекчилике алып, Адахан Мадумаровдун КТРКнын түз эфиринде айткан билдирүүсү Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, териштирүү иштери башталды.


Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-prezidenttikke-talapker-adahan-madumarovdun-bildirs-boyuncha-terishtir-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий