Ысык-Көл облусундагы бир айыл толугу менен карантинге алынды. Окуянын чоо-жайы

1 апреля 2020 09:47 1216 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлд облусунун Түп районундагы Ысык-Көл айылы толугу менен карантинге алынды. Себеби, бул айылда чет жактан кайтып келген 8 жаран үй карантини шарттарын бузган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

“Үй карантинин сактабаган Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөлөрдөн кайтып келген 8 жараны милдеттүү түрдө обсервацияга алынды. Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айыл эли изоляцияга алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус 107 кишиден тастыкталган. Алардын үчөө реанимацияда болсо, бир кишиге өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат кошулган. Ошол эле маалда үч киши айыкканы үчүн үйүнө чыгарылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-oblusundagy-bir-ajyl-tolugu-menen-karantinge-alyndy-okuyanyn-choo-zhajy



Добавить комментарий