Ысык-Көлдө муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын сөөгү табылды

2 октября 2018 14:50 1697 Barometr
Поделиться в:
ok

Чолпон-Атада муунтуп өлтүрүлгөн 9 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул  тууралуу Ысык-Көл ОИИБдан билдиришти.

 Маалым болгондой, 1-октябрда баланын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган. Алар аутизм менен жабыркаган уулу жоголуп кеткенин айтышкан.

   Жергиликтүү тургундар  көлдүн жээгинде баланын жансыз денеси жатат деп билдиришкен. Окуя болгон жерге тартип сакчылары барып, баланын муунтуп өлтүрүлгөнүн аныкташты.  Өспүрүм мойнунда мүшөк оролгон абалда табылган. Аталган факт боюнча териштирүү башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-muuntup-ltrlgn-9-zhashtagy-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий