Ысык-Кѳлдѳ мончодо окуган балдар тууралуу Түп райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы маалымат берди
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Санташ айылында Асылбаев атындагы орто мектептин окуучулары мончонун имаратында билим алууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева айтты.
Анын айтымында, мектеп 70 жыл мурун курулуп, ал бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
“Учурда мектеп авариялык абалда. Башка айылдар алыс жайгашкандыктан күн сайын окуучулар ал жакка барып билим алууда. Кыш ал айылда өтө суук. Башталгыч класстын 16 окуучусу коомдук мончодо окуп жатышат. Аталган айылда 3-4-классты бириктирүүгө аргасыз болушкан“, – деген Аида Касымалиева.
Бул тууралуу, Түп райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Такаев Адылбек менен Barometr.kg маалымат агенттиги байланышканыбызда мындай маалымат берди.
«Мурда ал иммарат мончого ылайыкташтырып курулган экен. Бирок кийин мектепке ылайыкташтырып, мүмкүнчүлүккѳ жараша оңдолуп түзѳлгѳн. Азыркы учурда ал мектепте 15 окуучу окуйт. Бул негизги мектептин филиалы. Негизги мектеп айылдан 15км аралыкта жайгашкандыктан 1-3 класска чейинки 15тей окуучу мурда мончого ылайыкташкан мектепте окушат. Быйылкы жылы да облус жетекчиси тарабынан атайын каражат бѳлүндү. Албетте ,айыл башчысы бул маселени чечүү аракетинде. Буюрса 100 орундук мектеп куруу планда », -деди.
Добавить комментарий ×