Ысык-Көлдө комага түшүп калган кызды, ата-энеси Бишкекке алып кетишти

14 мая 2021 17:45 1258 Barometr
Поделиться в:
ok

Бостериде комага түшүп калган кызды, ата-энеси Бишкек шаарына алып кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

"12-майда комага түшүп калган белгисиз кызды Бостери айылынан Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер бейтапка: "Мээ комасы" деген диагноз коюшкан.  

Жакында, кыздын ата-энеси табылып, аны Бишкекке жашаган жерине алып кетишти. Ата-энесинин айтымында, ал азыр ооруканалардын биринде дарыланып жатат жана анын абалы канааттандырарлык.

Ысык-Көл райондук милициясы, жогорудагы окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билип, кыздын өздүгүн аныктоого активдүү катышкан ар бир адамга терең ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-komaga-tshp-kalgan-kyzdy-ata-enesi-bishkek-shaaryna-alyp-ketishti



Добавить комментарий