Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

6 мая 2021 18:38 1669 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет

"Бүгүн, 6-май күнү саат 13:07де Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан жана Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kch-5-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий