Ысык-Көлдө эс алуучу кызды катер жүздөгөн метрге чейин сүйрөп кетти

11 августа 2018 22:55 2848 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө эс алуучу кызды катер жүздөгөн метрге чейин сүйрөп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой , окуя 9-августта Бостери айылындагы пляжда болду. Эс алуучу кыз сууда сүзүп жатканда парашют учуруп бараткан катердин тросу аны илип кеткен.

Ошол абалда троско илинип калган кызды 300 метрдей сүйрөп барган. Ал ичинен катуу жабыркап, ооруканага жаткырылды. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Бул окуя боюнча азырынча кылмыш иши козголо элек.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-es-aluuchu-kyzdy-kater-zhzdgn-metrge-chejin-sjrp-ketti



Добавить комментарий