Ысык-Көлдө эс алуу жайларын куруш үчүн чычырканактарды кыйып жатышат

22 сентября 2021 16:16 1354 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл анын айланасындагы чычырканак токойлору кыйылып кеткенден улам тазалыгын жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте болгон брифингдин маалында  Айыл чарба министрлигинин экологиялык системалар департаментинин директорунун орун басары Бакыт Ырсалиев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.

“Чычырканактын бактары-Ысык-Көлгө куюп жаткан жер алдындагы сууларды тазалар туруучу табийгый фильтр. Бирок пансионаттарды, эс алуу үйлөрүн курууда аларды кыйып жатышат.Чычырканак токойлорунун азайганы байкалууда, мыйзам боюнча аны кыркууга тыюу салынган”,-деп айтты Ырсалиев.

Орун басар белгилегендей, эмне үчүн чычырканак токойлору кыйылып жатканын аныкташ үчүн иликтөө жүргүзүү кажет.

Ошол эле маалда Ырсалиев мындай токойлордун аянтын кеңейтүүгө аракеттер жасалып жатканын дагы белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-es-aluu-zhajlaryn-kurush-chn-chychyrkanak-tokojlorun-kyjyp-zhatyshat



Добавить комментарий