Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон Эрик Асрандиев аман эсен табылды
Поделиться в:
Ыссык-Көлдө дайынсыз жоголгон Кыргыз-орус фондунун башчысы Эрик Асрандиев аман эсен табылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин Басма сөз кызматы кабарлады.
31-август күнү 1976-ж.т. А.Э. аттуу эркек адам Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй көлдү сүзүп өтүү үчүн сүзүп баратып, дайынсыз болгон.
Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы КР ӨКМнен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” кемеси, жана “Москва” кемеси, 1 катер тартылып, саат 02:10 чамасында дайынсыз болгон киши аман эсен табылган. Ал Тоң районун Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп келе жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-dajynsyz-zhogolgon-erik-asrandiev-aman-esen-tabyldy
Добавить комментарий ×