Ысык-Көлдө бир короо кой тоңуп өлдү

27 мая 2018 01:45 1270 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 23-24-майда жааган калың кардан улам Ысык-Көл облусундагы үч райондо малчылар жабыр тартты. Бир эле райондо миңден ашуун мал кырылган.

Өзгөчө кырдаал министрлиги азырынча канча малдын башы мерт болгонун санап бүтө элек. Жергиликтүү бийликтин берген маалыматына караганда, баарынан көп Түп, Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунун малчылары жабыркаган. Алар жабыр тарткан чабандардын абалы менен таанышып, айрым жерлерде кардын калыңдыгы 50 сантиметрге жеткендигин билдиришти.

Эске салсак, 24-майда Ак-Суу районунун Шахта –Жыргалаң өрөөнүндө кар калың тушкөн. Ушундай эле абал Түп районундагы Талды-Суу айылында, Чоң-Кеминде да болуп, абанын темпиратурасы 0 градустан төмөндөгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-bir-koroo-koj-ld



Добавить комментарий