Ысык-Кѳлдѳ ардагер-футбол сүйүүчүлѳр көбөйүүдө
Түп районунда 40 жаштан жогорку жарандар арасында ай сайын футбол боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу райондун Арал айылынын тургуну Нурбек Маданбеков билдирди.
Анын айтымында, турнирдин негизги максаты — айыл аймактар арасында карым-катнаш, ынтымакты бекемдөө, сергек жашоого үндөө. 40 жаштан 65 жашка чейинки жарандар футбол мелдеши бул жолу 6-ирет уюштурулуп жатат.
«Биз ар бир айда 2 жолу ардагерлердин башын бириктирип, футбол уюштуруп жатабыз. Себеби башка райондордо газон төшөлгөн кичи футбол аянчалары мурда эле салынып, спорттук иш-чаралар өтүп келсе, Түп районунда эми гана жанданууда. Экинчиден биздин оюндарыбыз алдыдагы облустук беттештерге да даярдык», - деди Маданбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-ardagerler-arasynda-futboldu-sjchlr-artyuuda
Добавить комментарий ×