Ысык-Көлдө 8-класста окуп жүрүп тууганынан төрөгөн кыздын жакынын бошотушту
Поделиться в:
Эркек бала төрөгөн 8-класстагы окуучу кыздын тууганын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат алып, кое беришти.
Ысык-Көл облустук тартип коргоо сакчыларынын айтымында, төрөлгөн баланын атасы чындап эле кыздын тууганы болгон жана ал 20 жашта.
Ал өз убагында укук коргоо органдарына келип турууга милдеттендирилген. Жаңы кодекске ылайык, анын жасаган иши анча эмес оор кылмыш болуп эсептелет жана ал өз күнөөсүн мойнуна алуу менен окуучу кыз экөөнүн тең каалоосу болгондугун белгилеген.
Кыз окуган мектеп ага тырышчаак кыз деп мүнөздөмө беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-8-klassta-okup-zhrp-tuuganynan-trgn-kyzdyn-zhakynyn-boshotushtu
Добавить комментарий ×