Ысык-Көлдө 30 жаштагы жигит 6-класстын окуучусун зордуктоого шектелүүдө
Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында 6-класстын окуучусу эркек кишини зордуктоого айыптап жатат. Бул тууралуу областтын ички иштер башкармалыгынан басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, 16-апрелде милицияга жергиликтүү тургун анын 2006-жылы туулган кызын тааныш жигит зордуктап кеткенин айтып арыз берген.
Териштирүү маалында кыз укук коргоо органдарына окуя март айында болгонун айткан.
“Кыз 1989-жылы туулган өзүнүн таанышынын жолуктуруп калган.Ал алдап аны жаңы кийимдерди алып келдим деп үйүнө чакырып алган жана ал жактан зомбулук көрсөткөн”,-деп билдиришти ИИБден.
Учурда иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-30-zhashtagy-zhigit-6-klasstyn-okuuchusun-zorduktoogo-shekteld
Добавить комментарий ×