Ысык-Көлдө 11-жашар баланы айылдашы тоого алып барып зордуктаган

27 марта 2021 10:37 5449 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11-жашар баланы тоого алып барып, зордуктаган жаран 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Ысык-Көл облустук сотунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, сот өкүмү 11-мартта угузулду. 11-жашар баланы зордуктаганга айыпталып жаткан жаран 13 жылга эркинен ажыратылып, 50 000 сом өлчөмүндө моралдык зыян катары жабырлануучу тарапка төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Тергөө органдарынын айтымында, кылмыш 2020-жылдын 27-февралынан 28-февралына караган түнү жасалган. Ошол эле айылдын тургуну,  2007-жылы туулган айылдашын ээн талаага алып барып, ага карата зордук-зомбулук аракеттерин жасаган.

Бирок, соттолуучу күнөөсүн моюунуна алган эмес. Анын айтымында, ошол күнү мас абалында болгон. Жакын туугандарынын үлөнүү тойуна мал сатып алуу үчүн тоо тарапка туугандарыныкына бара жатканда жолдон айылдашы 11 жаштагы бала жолугуп калган. Аны арабага салып алып, туугандарынын үйүнө мал тууралуу сүйлөшүп, кайра келгенин айткан.

Ал эми, бала социалдык кызматкердин жана жакын туугандарынын коштоосунда сурак берген. Ал окуя тууралуу толук сүрөттөп берди. Анын айтымында айылдашынын арабасына олтуруп алып, тоо тарапка барганын тастыктап, соттолуучу кийинчерек аны башка согуп, эсин оодарып, зордук-зомбулук көрсөткөнүн айтты.

Жыйынтыгында Ак-Суу райондук сотунун судьясы Э.Шаршеев аны күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыраткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-11-zhashar-balany-toogo-alyp-baryp-zorduktagan-zharanga-sot-km-chykty



Добавить комментарий