Ысык-Көл облусунун башчысы Акылбек Осмоналиевге макулдашпай чечим кабыл алганы үчүн эскертүү берилди
Ысык-Көл облусунун башчысы Акылбек Осмоналиевге макулдашпай чечим кабыл алганы үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын чечими менен облуска кирүүгө тыюу салынган, ал эми кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылышкан.
Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.
Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес.
Аталган маселе Жогорку Кеңештин 6-майдагы жыйынында дагы көтөрүлгөн болчу. Анда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров облус жетекчилигине тийиштүү чаралар көрүлөрүн айткан.
Добавить комментарий ×