Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери тынымсыз иш алып барууда
Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында илдетти алдын алуу жана таралышына жол бербөө максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери карантиндик-санитардык посттордо жана фильтрациондук посттордо тынымсыз кызматын өтөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, Каракол шаары, Түп жана Ак-Суу райондорунун аймагында фильтрациондук карантиндик-санитардык сегиз пост уюштурулгандыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИБнин кызматкерлеринин, ӨКМдин, саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринен, райондук мамлекеттик администрацияларынын кызматкерлеринен жана ыктыярдуу кошуундар турган топтор кызматтарын өтөөдө.
Мындан тышкары Каракол шаарынын ичинде беш мобилдик топ түзүлүп, жергиликтүү эл арасында илдеттин жайылып кетүүсүн алдын алуу, айдоочуларга “Өзгөчө кырдаал” тартибинин талаптарын жеткирүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
«Көпчүлүк учурда посттордо турган топтордун айткан кеңештерин жергиликтүү жашоочулар түшүнүү менен кабыл алышууда. Бирок арасында, эскертүүлөргө кыжырлануу менен карагандар дагы жок эмес. Мындай учурларда биз маанайды түшүрбөстөн, маектешүүнү ишенимдүү түргө өткөрүп, сиздин ден соолугуңуз биз үчүн башкы максат экендигин айтып, жолуна салуудабыз. Мындай маектен кийин көпчүлүгү кайра кечирим сурашат. Кээ бири кайра кайтып кетип баратканда токтоп, сиздердин айтканыңыздар аткарылды деп жылмайуу менен карашат»,- дейт кызматкерлер.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunda-zhkkknyn-kyzmatkerleri-tynymsyz-ish-alyp-baruuda
Добавить комментарий ×