Ысык-Көл облусунда 3 гектардан ашык жайыт жер мамлекеттин менчигине кайтарылды
Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3 гектардан ашык жердин жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баш прокуратуранын маалыматкызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ысык-Көл райондук сотунун 2015- жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталган.
Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында, облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды.
Прокуратуранын кийлигишүүсүнүн менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×