"Ысык-Көл" мейманканасынын алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жатышат

15 октября 2020 12:34 1052 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 15-октябрда “Ысык-Көл” мейманканасынын алдына Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жатышат.

Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылып турушат. Буга чейин Өкмөт үйүнүн алдына чогулуп тургандардын бир бөлүгү “Ысык-Көл” мейманканасы тарапка бет алышканы маалым болду.

Эскерте кетсек, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтары митинге чыгышкан. Митинг башаламандык менен коштолуп, 6-октябрда Ак үйдү митингчилер басып алышкан. Кийинчерек президент өлкө мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин, өз каалосу менен кызматтан кетерин айткан. Өлкөдө 5-октябрдан бери нааразычылык акциялары токтобой келет.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-mejmankanasynyn-aldyna-sadyr-zhaparovdun-taraptashtary-chogulup-zhatyshat



Добавить комментарий