Ысык-Атада жаш баланы сабаган өгөй атанын иши соттук кароого жиберилди

12 апреля 2021 10:06 3069 Barometr
Поделиться в:
ok

Жашы жете элек баланын сабалышы тууралуу кылмыш иши соттук кароого жиберилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Азыркы мезгилде WhatsApp мессенджериндеги тайпалар аркылуу жашы жете элек баланы белгисиз бир адам сабап денесине залал келтирип жаткандыгы тууралуу видео тарап кеткен.

"23-февралда Ысык-Ата РИИБнө Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнө караштуу “Энергетик” дачасынын тургуну 1996-жылы туулган К.Б. арыз менен кайрылган.  Ал өзүнүн арызында жарандык жолдошу 1988-жылы туулган К.Кга чара көрүүнү суранган, анткени ал 2021-жылдын 22-февралда жашы жете элек 2016-жылы туулган К.Н. деген өгөй баласын сабап денесине жаракат келтирип видеого тартып “WhatsApp” мессенджери аркылуу телефонуна жибергендигин билдирген. Бул факты Ысык-Ата районунун ИИБнүн маалымат электрондук журналында катталган. Түшкөн маалымат боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгып мыйзам чегинде тергөо илктөө иш-чараларын жүргүзгөн.

Аталган факты 23-февралда Ысык-Ата районунун ИИБнун КЖБРне КРын Жоруктар  жөнүндө кодексинин 75-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши катталып, тергөө иштери башталган.

Жогоруда аталган факт боюнча 1988-ж.т. К.К.  КРнын  ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Ысык-Ата РИИБнун убактылуу кармоочу жайына камалган. 2021-жылдын 24-февралда даяр болгон соттук-медициналык корутундунун негизинде жашы жетэ элек Н.Кулмырзаевдин ден соолугуна  жаракат келтирилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча 3-мартта тергөө аяктап Ысык-Ата райондук прокуратурасына айыптоо корутундусун бекитүүгө жана андан ары Ысык-Ата райондук сотуна жиберилген. Бүгүнкү күндө жогорудагы факты менен соттук кароо жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-zhash-balany-sabagan-gj-atanyn-ishi-sottuk-karoogo-zhiberildi



Добавить комментарий