Ысык-Атада мал уурдоого шектелип 4 жаран кармалды (Сүрөт)
Ысык-Атада мал уурдоого шектелип 3 эркек жана 1 аял кармалды. Бул тууралуу Чуй ОИИББнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
2-августунда болжол менен саат 03:30 чамаларында Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмүнө 39 жаштагы Д.Ж. аттуу жаран 2-август күнү болжол менен саат 01:30 чамаларында анын 10 баш майда мал жандыгын белгисиз адамдар уурдоого аракет кылганын айтып арыз менен кайрылган.
Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБи ыкчам териштирүү иштерин жүргүздү.
"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Анын алкагында арыз ээси буга чейин да 8 баш майда мал жандыгы уурдалгандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү жарандарды кармоо үчүн баардык кызматкерлерге багыттамалар берилип, зарыл болгон иш аракеттер колго алынган. Ысык-Ата районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуядан эки саат өткөндөн кийин кылмышка шектелип эки адам кармалып, ошол эле күнү калган экөөсү колго түшүрүлдү. Алар: 35 жаштагы Б.К., 29 жаштагы С.Ж., 45 жаштагы Б.Н. жана 19 жаштагы Ш.А. аттуу жарандар болуп чыкты. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин соттун чечими менен шектүүлөрдүн үчөөсү камакта калтырылып, бирөөсү үй камагына коё берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттеринин аркасында кармалган шектүү жарандардын Чүй облусунун аймагынан ондон ашык мал уурулук кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-mal-uurdoogo-shektelip-ch-erkek-zhana-bir-ayal-karmalgan-srt
Добавить комментарий ×