Ысык-Атада аялын сабап өлтүрүгө шектүү жаран кармалды

13 сентября 2022 11:33 880 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Ата районунда аялын сабап өлтүрүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, 11-сентябрь күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 1989-жылы туулган С.З. аттуу жаран денесине келтирилген жаракат менен түшүп, залалдын оордугунан каза болгон.

"Аталган окуя боюнча Ысык-Ата РИИБтин тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган, өлгөн жарандын күйөсү 1982-жылы туулган К.М. Ысык-Ата районунун Красная Речка айылындагы үйдө арак ичип олтуруп, уруш чыгарып аялын сабап, өлүмгө алып келген залал келтирген.

Шектүү жаран К.М. кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө уланып жатат", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-atada-ayalyn-sabap-ltrg-shekt-zharan-karmaldy



Добавить комментарий